Марал Радиосу

Сот Бабановдун кармалышын негиздүү деп тапты

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кармалышын негиздүү деп тапты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Журналисттердин жазганы боюнча, иш жабык каралууда.

Өмүрбек Бабановдун жактоочусу Амантур Абдырахманов судья Чыңгыз Бердимуратовго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Анын пикиринде судья ишти кароодо объективдүү болбой, Бабановдун күнөөсүз экенин далилдеген талаптар келтирилсе да, карабай жатат.

Мамлекеттик тергөөчүлөр Бабановду эки айга камоону суранды. Учурда кеңешме бөлмөсүнө кирип кетишкен.

Бабанов өзү сотко алып келингенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүнө карата козголгон иш түшүнүксүз жана абсурд экенин айткан.

Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмыш жасаган деп шектелүүдө.