Марал Радиосу

Экс-депутат Талант Узакбаевдин баш коргоо чарасы аныкталды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2-июнундагы чечими менен парламенттин мурдагы депутаты Талант Узакбаев 31-июлга чейин камакта калтырылды.

Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Мурдагы депутат 31-майда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмышка шектелип, кармалган.