Марал Радиосу

Мурдагы министр Нурбек Мурашев депутат болду

Жогорку Кеңешке «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген Нурбек Мурашев ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Мурашев 2016-жылдан 2019-жылга чейин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болгон.

Ал мандатын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда тапшырган Исхак Пирматовдун ордуна келди.

Мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Исхак Пирматов 28-майда депутаттык мандатын тапшырды. Ал 2015-жылы «Бир бол» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Пирматов 31-майда УКМКга суракка чакырылып, андан соң камакка алынган. Исхак Пирматов «Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелүүдө.