Марал Радиосу

Японияда Олимпиадага катыша турган спортчулар эмдөөдөн өтүп баштады

Бүгүн, 1-июнда Японияда жайкы Олимпиада оюндарына катыша турган спортчулар эмдөөдөн өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Япониянын Улуттук Олимпиада комитети билдирди.

Маалым болгондой, эмдөөнүн биринчи күнүндө 200гө жакын спортчу коронавируска каршы вакцина алды.

Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах оюндардын башталышына чейин Олимпиада кыштагында жашай турган мелдештин катышуучуларынын кеминде 75%ы эмделерин айткан.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.