Марал Радиосу

Түркияга тиешелүү атайын учак «Манас» аэропортуна келип, кайра учуп кетти (фото)

Бүгүн, 1-июнда Түркияга тиешелүү делген атайын учак Бишкектеги «Манас» аба майданында токтоп турган жеринен Тамчы аэропортун көздөй учкан.

Учактардын учуусун көзөмөлдөгөн атайын сайттан алынган маалыматтар боюнча, Түркияга тиешелүү делген атайын учак алгач Бишкектеги «Манас» аба майданында токтоп турган. Анын аба майданга качан келип конгону тууралуу маалымат жок. Көп өтпөй, Ысык-Көлдөгү Тамчы аба майданына учуп, кайра Бишкекке келген. Сайттагы акыркы маалыматтар боюнча Бишкек убактысы менен 14:30да «Манас» аба майданынан учуп кеткен. Учурда аталган учак Кыргызстандын аймагында учуп, кайра аба майдан жакты көздөй кайтканын көрүүгө болот.

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы каттоо номери Түркияга таандык учак эмне максатта учуп келгени такталып жатканын «Маралга» билдирди.

Манас аэропортунан учту делген түркиялык жеке учак кайра конду