Марал Радиосу

Орусиянын мамлекеттик карызы 20 трлн рублга жакындады

Орусиянын мамлекеттик карызы 20 трлн рублга жакындады. Бул тууралуу өлкөнүн Эсептөө палатасынын баяндамасында айтылат.

«ТАСС» агенттиги жазгандай, быйылкы жылдын алгачкы 3 айында Орусиянын мамлекеттик карызы 741,3 млрд рублга көбөйгөн. Анын ичинде ички карыз 683 млрд рублга (4,6%га) артып, 15 трлн 434 млрд рублга жеткен.

Ошол эле учурда тышкы карыз 1,1%га (598,3 млн долларга) азайып, ушул жылдын 1-апрелине карата 56,1 млрд долларды түзгөн. Бирок рубль менен алганда доллардын курсу мурдагыдан жогору болгондуктан, тышкы карыз 1,4%га же 58,3 млрд рублга көбөйүп,  4 трлн 247 млрд рублду түзгөн.