Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 2-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Ош облустарынын айрым тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25 градус болот.
Бишкек шаарында 2-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градуска чейин жогорулайт.