Марал Радиосу

Үч шаарда шайлоого даярдык башталды

Кыргызстанда 11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаарларында кайра шайлоо өтмөй болду. Учурда партиялар катталуу үчүн арыз бере башташты.

Президент Садыр Жапаров «Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Борбордук шайлоо комиссиясынын календардык планына ылайык, шайлоого катыша турган партиялар 13-июнга чейин аймактык шайлоо комиссиясына документтерин тапшырышы керек.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин, башкача айтканда, 20-июнда башталып, 10-июлда аяктайт.

Азыркы учурда «Өнүгүү-Прогрресс», «Социал-демократтар», «Замандаш» саясий партиялары шайлоого катышуу ниетин билдирип, атайын өкүлдөрүн каттатышты.

Партиялардын тийиштүү документтери 13-июнга чейин кабыл алынат. Ага чейин съезддердин өткөрүп, шайлоо фонддорун түзүшү керек.

Буга чейинки шайлоодо алган добуштары жараксыз болгон партиялардын шаардык кеңештерге кайра шайлоого катышуусуна мыйзам жол берет. Бирок Бишкек шаардык кеңешине катышкан айрым талапкерлер боюнча учурда жетиштүү материалдар бар экенин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов айтты.

— Шаардык кеңештерге өтө турган шайлоого мурдагы партияларды катыштырбай коюу деген чек жок. Бирок талапкерлер боюнча бизде өзгөчө тизме бар. Биз аны азыр ачыктабайбыз. Материалдар бар, укук коргоо органдары менен изилдеп чыгабыз. Ошол талапкерлер мурунку эле партиясы менен чыгабы же башка саясий партия менен чыгабы, же аларды партиялар өздөрү да чыгарабы, чыгарбай коёюу, бул да суроо. Катталып келгенден кийин биз коллегиалдык орган болгон үчүн кайсы талапкерди каттаса болот же болбойт деген чечим кабыл алабыз.  

Кайрат Маматов саясий партиялардан участкалык, аймактык шайлоо комиссияларына өкүлдөрүн берүүнү өтүнөт. Мыйзам боюнча саясий партиялардын мүчөлөрү шайлоо процесстерине катышып, көзөмөл кыла алат. Маматов 228 УШКнын ар бирине партиялардан алтыдан өкүл талап кылынарын, резервди да толтуруу керектигин белгиледи.

— 2015-жылы жаңы шайлоо системасы – биометрикалык маалыматтардын негизинде автоматтык эсептөө урналары колдонулгандан баштап, саясий партиялар өз шайлоо комиссияларына өз мүчөлөрүн кошпой калышты. «Шайлоону Боршайком өткөрө берсин, биз уттуруп койсок, митингге чыкканыбыз, добуштар жокко чыгарылганы жакшы» деп калышты. Эгер комиссияларга саясий партиялардын да мүчөлөрү кирсе, процесске көз салышат да, бул өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн болуп жатпайбы. Биз канчадан бери жергиликтүү бийликтен суранып, ошол жердеги эжекелер иштеп берип жатат. Саясий партиялар «артыбызда мынча колдоочу, мынча ресурсубуз бар» дешет, мүчөлөрүн беришсин да.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Бирок добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталгандыктан Токмок, Ош, Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Бишкекте көп добуш алган Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (НДПК), «Эмгек» жана «Ак бата» партияларынын добуштары жараксыз деп табылган.

Өткөн аптада Бишкектин экс-мэри, Кыргызстан элдик демократиялык партиясын сүрөгөн Азиз Суракматов кармалды, «Эмгек» партиясынын тизмесин баштап барган Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировго кылмыш иши козголду. Суракматов соттун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 28-июлга чейин камакка алынды.

Аталган партиянын алдыңкы тизмесиндеги талапкери Илим Карыпбеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу кылып, Суракматовду камоо партиянын ишине таасир этерин айткан.

«Кустуруу». Экс-мэрдин байлыгы күмөн жаратты

Эми кайра шайлоо ошол эле система менен өтөт. Мыйзамга ылайык, күнөөсү далилденген талапкерлер гана шайлоого катыша албайт.

«Шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилбегенден кийин мурда катышкан партиялар да ат салыша берет. Болгону мыйзам бузганы аныкталган талапкерлер четтетилет. Алардын кайра катышуусуна жол берилбейт. Азыр кайра шайлоого саясий партиялар даярдана башташты, катталууга мөөнөт жетиштүү», — деди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев.

Саясий серепчи Нурсултан Акылбек бул шайлоодо да мурдагы абал кайталанат деген көз карашта.

— Мурдагы шайлоодо жеңүүчү болгон партиялардын башчылары камалганы камалып, же башка жакка алынып жатат. Кээ бир партиялардын мыйзам бузганы аныкталып, жыйынтык чыгарылса, айрымдарына жыйынтык чыгарылбай жатат. Ошондуктан мурдагы эле партиялар кайра шайлоого бара турганы байкалып жатат, мында албетте, эч нерсе өзгөрбөйт.

«Ак бата» партиясы да мыйзам бузганы айтылган, бирок аларга чечим чыккан жок. Алар биз тазабыз деп шайлоого кайра келери күтүлүүдө. Токмок шаарында «Эмгек» партиясы мыйзам бузбаганын айтып жатат. Бир үйгө шайлоочуларды массалык каттоо фактысы парламенттик шайлоого байланыштуу экенин, алар ошол шайлоодо калып калгандар экенин айтууда. Башкача айтканда, бизде чоң тартип орномоюнча, шайлоо таза өтөрү күмөн.

2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо да бир канча партиянын нааразычылыгынан, элдик толкундоолордон улам жокко чыгарылган. Нааразылык акциялары массалык башаламандыкка айланып, бийлик алмашкан. «Жалпы иш» коомдук фондунун эксперти Канышай Мамытова алдыдагы шайлоо таза өтөрүнөн үмүттөнөт.

— Мен дагы бардык шайлоочулардай эле, бул жолу мыйзам бузуулар азайышынан үмүт кылып турам. Анткени саясий партиялар да сестенип калышты деп ойлойм. Улам эле акча коротуп шайлоого катыша берүү аларга да ыңгайсыз. Экинчиден, жоопкерчилик бар экенин түшүнүп калышты.

Шайлоо өнөктүгүндө чоң роль ойногон квартал башчылары артын ойлобой эле акча алып, элди кайсы бир партияга добуш берүүгө үгүттөп келишкен. Бул жолу андайга барбаса керек. Анткени өткөндөгү шайлоодон кийин эки домкомго иш козголуп, сотко өткөрүлдү. Мунун баары алар үчүн да, партиялар үчүн да, шайлоочулар үчүн да сабак болушу керек.

11-апрелде өткөн шайлоого мамлекеттик бюджеттен 425 миллион сом жумшалган. Эми Бишкек, Ош жана Токмок шаарына кайра шайлоо өткөрүү үчүн 48 миллион 344 миң сом жумшалат. Саясат таануучу Эмил Жороев шайлоо ачык өтсө, чоң суммадагы акча коротууга кажет жок деген ойдо.

— Буга чейинки шайлоого катышкан саясий партиялар бул жолу өзүнүн тазалыгын көрсөткүсү келсе, бюджеттерин азайтуусу туура болот. Чынында шайлоо өнөктүктөрдү өткөрүүдө миллиондогон акчаны чачуунун кереги жок. Эгер сатып алуулар болбосо, үгүтчүлөрдү колдонуп, ашкере мыйзам бузуулар болбосо, анда адилеттүү сарптаса болот. Партиялар ошого умтулушу керек.

Апрелдеги өнөктүктө Бишкек шаардык кеңешине 25 партия, Ош шаардык кеңешине 9 партия, Токмокко 5 партия катышкан. Талдоочулар бул жолу партиялар кыскарып, биригүүлөр болорун айтышууда.

Exit mobile version