Марал Радиосу

Орусия НАТОго каршы туруу үчүн аскерий бөлүктөрдү түзөт

Орус Батыш аскерий аймагында 20га жакын жаңы бирикме жана бөлүк түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

«Биздин Батыштагы кесиптештерибиздин аракеттери дүйнөдөгү коопсуздук системасын бузуп жатат жана ага каршы туруу үчүн чара көрүүбүзгө аргасыз кылууда. Биз аскерий курамды дайыма өнүктүрүп-өстүрүп турабыз. Жыл аягына чейин Батыш аскерий аймакта 20га жакын бирикме жана аскерий бөлүк түзүлөт», – деген ал.

Белгилей кетсек, НАТО – АКШ, Европанын көпчүлүк мамлекеттери, Канада – жалпысынан 30 мамлекет кирген аскерий-саясий уюм. Ал 1949-жылы түзүлгөн.