Марал Радиосу

Асылбек Жээнбеков «Кумтөр» иши боюнча суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Парламенттин экс-спикери «Кумтөр» компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суралат.

Буга чейин экс-премьер-министр Темир Сариев «Кумтөр» иши боюнча тергелген. Кийинчерээк УКМК мурдагы депутаттар Турсунтай Салимов менен Сергей Ибрагимовду да суракка алганы белгилүү болду. Бүгүн экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун да суракка чакырылганы айтылууда.

Эскерте кетсек, 15-майда «Кумтөрдүн» кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Кийинчерээк тергөө иш-чаралары коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнү белгилүү болду. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин айткан.

Компания учурда убактылуу тышкы башкарууга берилип, ага Тенгиз Бөлтүрүк жетекчи болуп дайындалган.