Марал Радиосу

Кытай жарандарына 3 балалуу болууга уруксат берилди

Кытай жарандарына 3 балалуу болууга уруксат берилди. Мындай чечим Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун отурумунда кабыл алынган.

Бул чечим өлкөдөгү демографиялык абалды эсепке алуу менен, жаштар азайып, карылардын көбөйүп баратканына байланыштуу кабыл алынган.

Белгилей кетсек, 1979-2015-жылдары Кытайда «бир үй-бүлө – бир бала» саясаты жүргүзүлүп келген. Анын терс кесепеттеринин бири – эмгекке жарамдуу калктын санынын азайышы болгон. 2015-жылы жарандарга 2 балалуу болууга уруксат берилген.