Марал Радиосу

Сирия: Башар Асаддын президенттик шайлоодогу жеңишин Евробиримдик тааныбай жатат

Сирияда 26-майда өткөн президенттик шайлоодо Башар Асад жеңип, дагы 7 жылдык мөөнөткө шайланды.

Ал шайлоого катышкан жарандардын 95,1% добушуна ээ болгон.

Сириянын парламентинин төрагасы Хаммуда Сабагдын айтымында, шайлоого 78% же 14 миллиондон ашык шайлоочу катышкан. Асадга 13 млн 540,8 миң жаран добуш берген.

Асаддын шайлоодогу жеңишин Орусия менен Кытай таанып, куттуктоо жолдогон. Ал эми Евробиримдик жыйынтыкты таануудан баш тарткан.

Белгилей кетсек, Сириядагы президенттик шайлоо 26-майда өткөн. Башар Асад Сирияны 2000-жылдардан бери башкарып келе жатат. Ага чейин мамлекетти анын атасы Хафез Асад жетектеп келген.