Марал Радиосу

Чүй каналынан адамдын сөөгү табылды

Аламүдүн районунун Гес-2 айылынын жанында жайгашкан Чүй каналынан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ӨКМ билдиргендей, «суу өткөн тосмодо адамдын сөөгү илинип турат» деген маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылган.

Алар болжол менен 60-65 жаштагы орус улутундагы эркек кишинин сөөгүн илинип турган тосмодон алып чыгышкан.