Марал Радиосу

COVID-19: Тогуз бейтап каза болуп, 356 учур жаңы катталды

 Кыргызстанда 29-майга карата COVID-19 илдетинен 9 бейтап каза болду. Анын алтооce Бишкек шаарында, калгандары Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарында катталды. Муну менен коронавирустан каза тапкандардын саны 1 миң 797 адамга жетти.

Кыргызстанда дагы 356 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 104 миң 222 адамды түздү.

Ал эми бир сутка ичинде 458 адам коронавирустан айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери жалпы 98 000 бейтап оорудан сакайган.

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Акыркы суткада стационардан 3, үй карантининен 5 медик айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 648 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 569 медкызматкер айыккан..

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 688 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 714 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 153 бейтаптын абалы орто оордукта, 421 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.