Марал Радиосу

Бүгүн медициналык академияда жаңы ректорду шайлоо болуп жатат

Бүгүн, 29-майда Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жаңы ректорду шайлоо болуп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан ырасташты.

Жетекчилик кызматка 4 талапкер ат салышып жатат. Алар: медицина илимдеринин докторлору,профессорлор Зиябидин Айдаров, Эркин Алымбаев, Индира Кудайбергенова, Жолдошбек Шаршенбиев.

Добуш берүүгө жалпы 800 адам катышары күтүлүп жатат.

Эскерте кетсек, азыр аталган окуу жайды Индира Кудайбергенова жетектейт.