Марал Радиосу

Азиз Мурадиллаев: Мен театрда «төрөлгөм»

Кыргыздын акыркы жылдарда тартылган көптөгөн тасмаларындагы кейипкерлердин бейнесин мыкты жаратып, учурдун алдыңкы актёрлорунун катарын толуктаган бул инсанды көпчүлүк жакшы тааныйт. Айрыкча «Курманжан Датка» тасмасындагы Алымбек датка образы эл оозунда көбүрөөк айтылат. Ошол эле учурда театр сахнасында берилген ролду мыкты ойноп, спектаклдерге жан салып, шаң киргизген өзгөчөлүгүн да баса белгилеп кетпесек болбойт. Айтор, «Куу алган кушта эмне сын?» деген элдик сыпаттама ушул адамга куп жарашат. Эмесе, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаевдин «Марал» радиосуна берген кызыктуу маегин айрым кыскартуулар менен сунуштайбыз.

— Учурда эмне менен алексиз? Кандай жаңылыктардын жаратманы болуп жатасыз?

— Азыркы учурда «Кошунаны тандабайт» деген сериалдын үчүнчү сезону башталган, ошону менен эмгектенип жатабыз. Үйгө барганга деле чоло тийбейт. Колдон келишинче чыгармачылык менен алектенип жатам. Ачыгын айтканда, 24 сааттын көпчүлүк бөлүгү өзүмдүн сүйгөн кесибиме арналат.

— Ушул тармакта жүргөнүңүзгө 20 жылдын тегереги болуптур. Кантип, кандайча келип калдыңыз? 

— Мен театрда «төрөлгөм». Көптөгөн залкар артисттер менен чогуу иштешип калдым. Атам-энем да актёрлор: атам — театр актёру Үсөн Мурадиллаев, апам — эмгек сиңирген артист, театр жана кино актеру Анара Сыдыгалиева, келинчегим да Кыргыз улуттук академиялык драма театрында режиссёрдун жардамчысы. Мага 20 жыл деген азыраак болуп калат го. Себеби, эс тарткандан бери эле ушул тармакта жүрөм. Артка кылчайганда эле Союз кезиндеги ата-энем менен бирге гостролдоп жүргөн учурлар тартылат. Советбек Жумадылов, Сыдыкбек Жаманов, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиевалар менен кошо гостролдорго барып, улуу кишилердин колунан устукан алып, алардын ырымдап берген чүкөлөрүн ойноп чоңойдум.

— Демек, сизге киного караганда театр көбүрөөк жакын?.. 

— Ачыгын айтканда, театр кичине оор, ошого карабастан менин жүрөгүмө жакын. Себеби, жаш кезимден ошол жактан баштагам. Чынын айтайын, театр актёруна кыйын болот негизи. Айлык акысы жашоо-турмушуна жетпейт. Ал эми театр актёру, киноактёр деп бөлгөн да туура эмес болуп калат. Экөөнүн окуусу бир эле да, болгону сахнада өзүн алып жүрүү менен камеранын алдында иштөө эле айырмалап турат.

— Театрдагы кайсы ролуңуз өзүңүздүн купулуңузга толот, тактап айтканда, кайсы ролду жакшы аткаргам деп эсептейсиз? 

— Мен ойлойм, «Манастын уулу Семетейде» бир жарылдым. Албетте, бул менин оюм, балким жакшы болбой калды… Себеби ар бир адам ар кандай кабыл алат да: бирөөгө менин ойногонум жагат, бирөөгө жакпай калышы мүмкүн. Бул ролду мага чейин Муканбет Токтобаев, Замир Сооронбаев, атам Үсөн Мурадиллаев ойноду, андан кийин мен ойнодум, мен жаш актёр Эржан Осмоновго өткөрдүм, ал Канболот Атакан уулуна өткөздү. Мына караңызчы, канча деген муун кетип жатат? Ошол себептен «толугу менен купулума толду, ушул ролду мен мыкты аткардым» дегенден алысмын.

— Көпчүлүк учурда олуттуу ролдорду аткарасыз. «Күлкү жаратуу мага бир аз кыйыныраак» деп айтканыңыз да бар. Сурайын дегеним, комедия жанрында өзүңүздү сынап көрүү кыялыңызда барбы?  

— Анекдотту айтканды бирөө билет, бирөө билбейт. Сен азыр жөнөкөй эле анекдот айтып берсең, а мен бир шедевр анекдот айтсам, сеники көбүрөөк күлкүлүү болуп калышы мүмкүн. Балким режиссёрлор менден ошондой олуттуу образды көргөндүктөн тандап алышса керек. Бирок комедия жанрында ролдор болсо ойной берем, актёр болгондон кийин баарын жеткиргенге аракет кылам.

— Учурдагы тасмалар бир кездеги «кыргыз керемети» деп аталган тасмалардай элдин назарында жашай алабы?

— Учурда кыргыз киносу өлүп калды деп айта албайм. Буга эч кандай негиз жок. Бирок ал кезде 5-6 кино тартылса, анын жарымынан көбү фестивалдарда сыйлыктарга ээ болуп келчү. Сапаты менен алып койчу да. Азыр деле мүмкүнчүлүк бар: техниканын өнүккөн заманы; мындан тышкары Геннадий Базаровдон, Болот Шамшиевден, Төлөмүш Океевден тарбия алган, алар менен кошо иштешип калган адамдар бар. Жакшы тасмалар чыгат деп ишенем.

— Көп жылдан бери театрда иштеп жүрөсүз, режиссёр катары да өзүңүздү сынап көргүңүз келеби?

— Ал жагынан аябай күчтүүмүн, бирок эрким жетпей жатат. «Саманчынын жолу» деген спектаклди койдук Марат Козукеев менен кошо. Мен экинчи режиссёр болдум, ассистент болуп иштедим. Чынын айтканда, түнү бою музыкаларды тандап, тар бөлмөгө компютерди коюп алып бир топ кыйынчылык менен чыгардык. Мээнет акталып, эң мыкты спектаклдердин бири болду. Мындан тышкары дагы көп спектаклдерди чыгардык. Азыр болсо эргүү жок болуп жатат окшойт менде.

— Уулдарыңыздан сиздин жолду улай турганы барбы?

— Эки уулум бар, экөө тең менден артык. Улуусу медицина тармагында билим алып жатат, буюрса, окуулары жакшы. Кардиология жагын тандап, «элдин саламаттыгын сактайм» деп кубандырып жүрөт. Кичүү балам эркелеп жүргөн учуру, бирок баарына шыктуу. Актёр жагына ыктаса абдан сонун болмок. Себеби бою узун, келишкен, көздөрү бакырайган, анын үстүнө аябай таланттуу. Актёр болом десе колдойм.

— «Актёр болбосом, сүрөтчү болмокмун» дегениңиз да бар экен… 

— Менин өнөрлөрүм аябай көп: сүрөт тартам; ашканада да ар кандай тамактарды жасаганды жактырам; өзгөчө нерселерди кылганга кызыгам. Мындан техникага көп кызыга бербейм. Эгерде актёр болбосом, сүрөтчү же ашпозчу болмокмун, негизи бардык чыгармачыл адамдар сүрөтчү да. Үйдөн бош болгондо сүрөт тартам, бирок интернетке салып элге жарыя кылбайм деле.

— Ар кандай кыйынчылыкта жаныңызда жүргөн досторуңуз барбы?

— Жүрөгүмө аябай катуу тие турган суроо бердиңиз. Чынын айтайынбы, мен андай дос күтө албай койдум. Бул жалганда достор, доспуз дейбиз, бирок билбейм… Мен үчүн бул кичине алысыраак болуп калды окшойт. Менин оюмча, досуң — апаң, жубайың, анан балдарың эле болуп калат экен. Бир туугандын деле баары эмес, өзүңөрдү алдабагыла. Өзүбүздү өзүбүз алдаганды жакшы көрөбүз.

Exit mobile version