Марал Радиосу

Калифорнияда COVID-19га каршы эмделгендер арасында 116,5 млн доллар ойнотулат

Американын Калифорния штатында COVID-19га каршы эмделгендер арасында 116,5 млн доллар ойнотулат. Бул тууралуу Казакстандын kursiv.kz сайты жазды.

Калифорниянын губернатору билдиргендей, 15-июнда 10 жеңүүчү аныкталып, алардын ар бирине 1,5 млн доллардан берилет. Ошондой эле 4-июнда жана 11-июнда дагы 30 адамга 50 миң доллардан берилет.

Бул жарышка штаттын 12 жаштан жогорку коронавируска каршы вакцинанын кеминде бир дозасын алган тургундары катыша алат.