Марал Радиосу

Коронавируска байланыштуу «Оскар» сыйлыгын тапшыруу мөөнөтү жылдырылды

Коронавируска байланыштуу Америкалык киноакадемиянын «Оскар» сыйлыгын тапшыруу мөөнөтү 2022-жылдын 27-мартына жылдырылды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиргенин interfax.by агенттиги жазды.

Мындан мурдараак сыйлыкты тапшыруу аземи 2022-жылдын 27-февралында өткөрүлөрү айтылган.

Ошол эле учурда уюштуруучулар сыйлоо аземинин мөөнөтү дагы жылдырылып калышы мүмкүндүгүн белгилешет.

Белгилей кетсек, сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин кыска тизмеси ушул жылдын 21-декабрында жарыяланат. Ал эми сыйлыкка талапкерлердин аты 2022-жылдын 8-фералында айтылат.

Былтыр да коронавирус пандемиясына байланыштуу аталган сыйлыкты тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 28-фералынан 25-апрелге жылдырылган.