Марал Радиосу

28-майга карата доллардын курсу тууралуу маалымат

Бүгүн, 28-май эртең менен Кыргызстанда доллардын курсу 83 сомдон жогору болууда. Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар 1 АКШ долларын 83 сом 42 тыйындан сатып алып, 83 сом 80 тыйындан сатууда.

Улуттук банктын расмий курсу 28-майга карата 83 сом 38 тыйын деп белгиленди. Бул кечээкиге караганда 45 тыйынга өстү.

Акыркы күндөрү өлкөдө АКШ долларынын куну арзандаганы байкалган. 26-майда эртең менен 1 доллар 82 сомдун тегерегинде болгон. Түштөн кийин 83 сомго чыкты.

Өлкөдө пандемия учурунда АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсу жогорулап кеткен. Эң жогорку курс 85 сомго чейин жеткен.

Exit mobile version