Марал Радиосу

Тургунбеков Финчалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болду

Канатбек Тургунбеков Министрлер кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп кайрадан дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Тургунбеков кызматка ушул жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынып, 5-майда Президент кол койгон «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесинин негизинде бекитилген.

Канатбек Тургунбеков аталган кызматка ушул жылдын 15-февралында келген.