Марал Радиосу

Amazon «Метро-Голдвинг-Майер» киностудиясын дээрлик 8,45 млрд долларга сатып алат

Amazon дүйнөгө белгилүү болгон голливуддук киностудиялардын бири «Метро-Голдвинг-Майерди» сатып алат. Бул тууралуу ru.euronews.com жазды.

Amazon аталган кинистудияны сатып алуу үчүн дээрлик 8,45 млрд доллар төлөйт.

«Корпорациянын ээлери кино жана телевизиондук форматтагы берүүлөдү өндүрүүнү колдоо менен студиянын концепциясын өзгөртпөөгө убада берүүдө», — деп жазат сайт.

Эскерте кетсек «Метро-Голдвинг-Майердин» сатылышы тууралуу сөздөр былтыр жыл аягында айтыла баштаган.  Ал 1924-жылы негизделген.