Марал Радиосу

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов «Маре Нострум» эл аралык мелдешине катышат

Олимпиада оюндарына даярдык көрүү максатында кыргызстандык суучул Денис Петрашов лицензиялык «Маре Нострум» эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдеш бир нече этаптан турат. Алгач жарыштар 29-30-май күндөрү Монте-Карлодо (Монако), андан кийин 1-2-июнда Каннетте (Франция) жана 5-6 июнь күндөрү Барселона шаарында (Испания) өтөт.

Спортчуну мелдештерге башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат.