Марал Радиосу

Баткен облусунан 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү (сүрөт)

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова 28-30-апрелде тажиктердин куралдуу баскынчылыгынан жабыркаган Баткен облусунун тургундарынын балдары үчүн  Ысык-Көлгө эс алуу уюштурат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облустун чек арадагы аймактарынан барган 140 бала, 6 мугалим 10 күн Ысык-Көл облусунда болушат. Андан соң алар Кадамжай районундагы «Семетей» лицейинде да 15 күн эс алышат.

Балдар бүгүн, 27-майда Ош аэропорту аркылуу Тамчы аэропортуна учушмакчы.