Марал Радиосу

Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов суракка чакырылды

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов суракка чакырылганы кабарланды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалыматты тастыктай элек.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганына караганда, Азиз Суракматов УКМКга «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча күбө катары чакырылган. Иштин чоо-жайы азырынча так белгисиз.

Суракматов 2018-жылдан 2020-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.