Биз менен байланышыңыз

Нурсултан: Корей тилинин 6 деңгээлин мыкты билсеңиз, Түштүк Кореяда акысыз окуй аласыз

Билим-маданият , Блог | 30 мая 2021 | 8639 | 0

Түштүк Кореянын Ханян университетинин бүтүрүүчүсү, K-land окуу борборунун Бишкектеги директору Нурсултан Алтыбаев менен маекти сунуштайбыз. Ал Түштүк Кореяда окуп, иштеп келген. Учурда кыргызстандык мектеп бүтүрүүчүлөрүн Кореяда окууга жиберүүгө шарт түзүп келет.

Ошондой эле бул мамлекетте иштөөнү каалагандарга да жардам берип келишет. Нурсултандын айтымында, Корея — мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү, анда иштөө, окуу үчүн да бардык шарттар бар.

— Нурсултан, акыркы жаңылыгыңыздан баштайлы. Негизи сиз жана сиздин командаңыз Кореяда окууну каалагандарга, же тил үйрөнүүнү самагандарга жардам берип келесиздер. Бул жолу дагы бир университет менен келишим түзүлгөн экен. Ушул тууралуу маалымат берсеңиз. 

Кореядагы окуу жайлар чет өлкөлүк студенттерди окутууга кызыкдар

— Биз буга чейин мамлекеттик жана жеке болгон үч университет менен кызматташып келгенбиз. Жакында эле Кореянын түштүгүндө жайгашкан Хосо деген университет менен дагы бир келишим түзүүгө жетиштик. Бул келишимдердин баары Кыргызстандан студенттерди Кореяга окууга жиберүү максатында түзүлүүдө. Буга себептер көп. Мисалы, Кореядагы көпчүлүк окуу жайлар чет өлкөлүк студенттерге муктаж. Анткени чет өлкөлүк студенттердин санына жараша алардын рейтинги аныкталат. Алар канчалык көп сандагы чет жактык студенттерди окутса, мамлекеттен бюджетине ошончо акча кошулат.

Биз иштешип келген университеттер буга чейин Кытайдан, Вьетнамдан, Өзбекстандан, Казакстандан көп студент алып келишкен. Биз кыргыз тарап менен иштешпеген университеттер менен байланыш түзүп жатабыз. Анткени таанымал университеттерди биздин балдар өздөрү эле таап бара беришет. Бир да кыргыз жараны окубаган окуу жайларды таап, тил үйрөнүүгө, бакалавр, магистратурага окууга жиберип жатабыз.

— Кореяда билим алуунун артыкчылыгы эмнеде?

— Мен Кореяда же башка мамлекетте деп айтардан мурун адам сөзсүз чет өлкөдө билим алууга умтулушу керек деп айтар элем. Жок дегенде бакалаврды окуп же тил үйрөнүп келсе да жакшы болот.

Эмне үчүн Кореяда окуу керек? Бул суроого жоопту 3 этапка бөлүп айтат элем.

Биринчиси, Корея дүйнөнүн эң артта калган мамлекеттердин арасынан 40 жылдын ичинде суурулуп чыгып, учурда экономикасы дүркүрөгөн алдыңкы 10 өлкөгө кошулат.

Экинчиден, билим сапаты да алдыңкы катарларда. Европа менен бирдей эле темпте кетип жатат.

Үчүнчүдөн, техникалык жактан өнүккөн. Ушундай мамлекетте окууга эмнеге болбосун?

— Сиздер мамлекеттик жана менчик университеттер менен келишимдерди түзүп жатасыздар, ошол мүмкүнчүлүктөрдү биздин бүтүрүүчүлөр, студенттер кантип пайдаланышат?

— Бул жерде биринчи тил үйрөнүү талабы бар. Кореяда эки багытта окууга кабыл алат. Биринчиси, жүз пайыз анлгис тилинде, мындай 3-4 гана окуу жай бар, алар корей тилин талап кылбайт. Башка дээрлик бардык университеттеринде корей тилине талап бар.

Окууга тапшырып жатканда корей тилин канчалык мыкты билгениңе жараша контрагыңдан жеңилдик кылып беришет. Мисалы, корей тилинде 6 деңгээл бар. Эгер үчүнчү даражага жетсеңиз, окуу акысынан 30% арзандатуу болот. Ал эми төртүнчү даражаны билгениңиз үчүн 50% арзандатуу, бешинчи даражаны билсеңиз 60%, алтынчы даражаны билсеңиз, окуу акысынан 100 пайыз бошотот. Ошондуктан тил үйрөнүүгө маани берүү керек.

— Ушул күнгө чейин сиздердин аракет менен канча студент барып окуп жатат? Канча университет менен келишим түзүлгөн?

— Биз ишти расмий баштаганыбызга толук бир жыл болду. Бирок ОсОО (Жоопкерчилиги чектелген коом) болуп катталганга чейин да жекече тараптар жардам берип, 10дон ашык студентти жибергенбиз. Андан кийин бир жыл ичинде 15 студент жибердик. Июнь айында дагы 17 студент Кореяга кетет.

Андан сырткары Кореядагы 5 жогорку окуу жай менен келишим түзүлгөн. Анын үчөө мамлекеттик, экөө жеке окуу жайлар.

— Кореяга качан бардыңыз, кайсы адистикти бүтүрүп келдиңиз? Ал жакта калып калуу деген ой келген жокпу?

— Мен Кореяда эки жыл өз каражатым менен тил курсунда окудум, тилдин 6 даражасын тең үйрөндүм. Андан кийин эки жыл Корея Өкмөтү берген стипендия менен магистратураны бүтүрдүм. Анан дароо эле кореялык компанияга ишке кирип, алты ай иштедим. Ошол учурда Кыргызстандан жакшы сунуштар түшкөндүктөн Мекениме келе бергем.

Чынында «Ошол жакта жүрө бербейт белең, эмнеге келдиң?» — деп сурагандар көп болду. Бирок мен Кыргызстанга эртеби-кечпи келмекмин, бул жакта жакшы максаттарым бар.

Азыр Кореяда окуган балдардын жарымы эле келбесе, калганы ошол жакта ар түрдүү жумуштарда иштеп калышат.

— Сиздер жиберип жаткан студенттер окуусун бүткөндөн кийин кайсыл багытта иштешет? 

Кореяда да Кыргызстанда салт болуп калган кесиптерди тандашат. Мисалы: юрист, финансы тармагы, бугалтерия жана башка. Анан биз: «Эгер ошол жакта калып иштегиңер келсе, анда IT тармагын, сүрөт, архитектура ушул сыяктуу адистиктерге талап көбүрөөк», — деп кеңеш беребиз. Бул тармакты тандашса, мамлекет тарабынан жана жогорку окуу жай тараптан стипендия каралат. Студент бир эле убакытта эки стипендия алганга мүмкүнчүлүгү бар. Стипендия миң доллардын тегерегинде берилет. Жылына 20-25 квота магистратура берилет, биздин студенттерден алып окугандары да бар.

Маектин толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз. 

Copyright © 2017 Maral FM