Марал Радиосу

Мамлекеттик ипотекалык компания үстөк пайызды төмөндөтөт

Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы турак-жай программасын иштеп чыкты. Ал «Менин үйүм-2021-2026» деп аталат.

Жаңы турак-жай программасы президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

Ага ылайык, ипотекалык насыялоо калк үчүн бир топ жеткиликтүү болот. Бул үчүн атайын механизмдер иштелип чыгып финансы каражаттары да каралган.

«Менин үйүм-2021-2026» жаңы турак жай программасынын алкагында пайыздык чен 4%га чейин төмөндөтүлөт. Ошондой эле, турак-жайды ижарага алуу менен андан кийин сатып алуу механизмин киргизүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары, жакынкы алты жылда мамлекеттик турак-жай фондунан 800 миң чарчы метр турак-жайдын курулушуна 30 миллиард сом бөлүү да каралган.

Компания жаңы программа тууралуу 25-майда басма сөз жыйынында толук маалымат берилерин кабарлады.

Президент Садыр Жапаров 5-майда Конституция күнүнө карата кайрылуу жасап жатып, мамлекеттик саясатын негизги багыттарынын бири өлкө жарандарын арзан турак-жай менен камсыз кылуу экенин айткан.