Марал Радиосу

Садыр Жапаров Сочиге келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда иш сапары менен Орусияга Сочи шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Орусиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулашат.