Марал Радиосу

Атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин бюсту Санкт-Петербургга коюлат

СССРдин эл артисти, чыгаан кинорежиссер Төлөмүш Океевдин бюсту Санкт-Петербург шаарында өзү окуган окуу жайга орнотулат. Бул тууралуу бюстту орнотууну демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Маралга» кабарлады.

Маалым болгондой, 25-май күнү иш-чарага катышуу үчүн бир нече депутат, режиссердун туугандары, «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз жана Кино департаментинин жетекчилиги аталган шаарга жөнөп кетет.

«Бюсттун ачылышы 27-май күнү режиссер билим алган Санкт-Петербург мамлекеттик кино жана телевидение институтунда болмокчу. Кыргызстандан барган делегациядан тышкары ага Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат жана окуу жайдын ректору Александр Евменов катышат. «Кыргыз кереметинин» символу болгон Төлөмүш Океевдин өзү окуган айтылуу окуу жайда бюсту коюлуп жатканы биз үчүн сыймык», — деди Иманалиев.

Бюстту скульптор Аскар Турумбеков жасап, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары демөөрчүлүк кылган.

Океев 1935-жылы Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. 2001-жылы 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Төлөмүш Океев СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси болгон. Ал «Бакайдын жайыты», «Уркуя», «Көк серек», «Кызыл алма», «Алтын күз», «Кожожаш» тасмалары менен белгилүү.