Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверестти багындырды. Бул тууралуу машыктыруучу Александр Абрамов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
«Эверест-1 командасы чокуга чыкты. Эми түшүүнү баштап жатабыз. Аба ырайы жаман эмес. Шамал бар, бирок анчалык деле суук эмес. Команданын курамында рекорддук көрсөткүчкө жеткен биринчи кыргыз жана израилдик бар», — деп жазган ал.
Гималай тоосундагы Эверест чокусу Жер шарындагы эң бийик чокул болуп эсептелет. Ал деңиз деңгээлинен 8 миң 849 метр бийиктикте жайгашкан.
Эверестке 5 миңдей адам чыккан. Эдуард Кубатов — кыргызстандыктардын ичинен бул чокуну багындырган экинчи адам. Буга чейин, 1997-жылы Дмитрий Греков да чокуга чыгып келген.