Марал Радиосу

Таш-Көмүрдө сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады

Бүгүн, 23-майда Таш-Көмүр шаарында сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, 23-май түнкү саат 00.30 чамасында Таш-Көмүр шаарында ак жаандын кесепетинен сел жүрүп, шаардын Токтогул көчөсүнүн 5 жерине кум-шагыл үйүлүп, жолду бөгөп калган. Жерине 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 самосвал тартылып, жол толук ачылды.

Ошондой эле сел суулары көчөдөгү 17 үйдү кошо каптап, 9 үйдүн короосун, 3 үйдүн ашканасын ылай басып калган. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн ыкчым тобу жана Жарандык коргоо кызматы жеринде тактоо жана уюштуруу иштерин алып барууда.