Марал Радиосу

Азамат Өмүркуловго карата сотко чейинки өндүрүш токтотулду

Велосипедчен адамды сүзүп кеткен Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун 39 жаштагы Азамат Өмүркулов аттуу уулуна карата сотко чейинки өндүрүш токтотулду. Бул туралуу бүгүн, 22-майда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, М.Ж. аттуу жарандын ден соолугуна жеңил зыян келтирген жана ал Өмүркуловго эч кандай дооматы жок экендигин жазуу жүзүндө билдирген.

Сотко чейинки өндүрүш Жазык-процесстик кодекстин 26-беренесине (Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар) ылайык токтотулган.

Ага жол эрежелерин бузуу боюнча, Бузуулар жөнүндө кодексинин 123-1-беренесинин 2-бөлүмү, 128-беренесинин 1-бөлүмү жана 122-беренесинин 1-бөлүмү боюнча жалпы суммасы 22,5 миң сом айып пул салынган.

Эскерте кетсек, жол кырсыгы 15-майда саат 22:30дар чамасында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда «Porsche» унаасын мас абалында башкарган жаран 29 жаштагы велосипедчен кызды сүзүп кеткен. Азамат Өмүркулов 2011-жылкы жол кырсыгына себепкери болуп, анда 3 адам көз жумган.