Марал Радиосу

Кубанычбек Исабеков: «Кумтөрдө» баш-аягы 66 кыргыз жараны каза болгон

«Кумтөрдө» 19 кыргыз жараны эмес, баш-аягы 66 жаран каза болгон. Бул туурасында экс-вице-спикер, экономист Кубанычбек Исабеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ал жерде бир тик учак кулаганда эле 15 киши өлгөн.

«Менин эсебим боюнча 66 киши өлдү. Жүрөк оорулуу болуп өлүп атышат. «Кумтөргө» жумушка орношуп жатканда, булар биздин жарандарды аябай текшерип, дени сактарды алышат. Анан химикат менен, 4200 метр бийиктикте иштеп, оор жумуштарды жасап жатып, өтүп кетип жатышпайбы. Аларды эмнеге эсептебейсиңер? Майып болуп калгандарды эмнеге эсептешпейт? 129 киши 1-2-группадагы майып болуп калды. Цианид төгүлгөндө 47 келин боюнан алдырган», — дейт ал.