Марал Радиосу

Баткенде аткезчиликке каршы төрт топ түзүлдү

Чек аралаш аймактарда аткезчиликке бөгөт коюу максатында Ички иштер кызматкерлери, бажы, салык жана УКМК кызматкерлеринен турган төрт мобилдүү топ түзүлдү. Алар Лейлек районунун Кулунду, Арка, Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак айыл аймактарындагы аткезчилик тобокелчилиги бар аймактарга жөнөп кетишти. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев район-шаар башчыларынын, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда аймакта коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңешме өттү.

Кеңешмеде облустагы коомдук саясий абал, чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, терроризм жана экстримизмге каршы күрөшүү жана диний абал, аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Exit mobile version