Марал Радиосу

Баткенде дайынсыз болуп жаткан 60 жаштагы тургунду издөө уланууда

Баткен районунун Кара-Бак айылынын 60 жаштагы тургуну изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дайынсыз болуп жаткан 60 жаштагы эркек киши 14-май күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табалбай коюшкан.

Кийин аталган жарандын кийимдери Кожош-Кен суусунун жээгинен табылган.

20-май күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 25 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. Натыйжа чыккан эмес.

Бүгүн да издөө иштери уланууда.