Марал Радиосу

Нарында Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаевдин эскерүү жумалыгы өтөт

Нарын облусунда Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Калыйбек Тагаевдин эскерүү жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, ушул жылдын 20-майынан 26-майына чейин министрликтин Нарын облусундагы аймактык бөлүмдөрү, театр, оюн-зоок мекемелери, балдардын музыкалык жана искусство мектептери Калыйбек Тагаевди эскерүү жумалыгына карата атайын иш-чараларды уюштурат.

Жумалык 26-май күнү саат 18:00дө Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык-музыкалык драма театрында жыйынтыкталат.

Кыргыз эл артисти, залкар обончу, композитор Калыйбек Тагаев 2020-жылдын 16-сентябрында 80 жашында көз жумган.