Марал Радиосу

Дастан Догоев Санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды

Бүгүн, 20-майда Дастан Догоев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Дастан Догоев буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп иштеген.

Ал эми, мурдагы Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара алып жатып кармалганы маалым болгон.

Ал бүгүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту карайт.