Марал Радиосу

Бишкекте жаштар жана өспүрүмдөр арасында самбо боюнча мелдеш өтөт

Бишкек шаарында 22-23-майда жаштар жана өспүрүмдөр арасында самбо боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Самбо федерациясы билдирди.

«Газпром-Балдарга» спорттук эс алуу комплексинде уюштурулуп жаткан турнир Азия чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси жана Кыргызстандын көп жолку чемпиону Бекболот Рахатбековдун жаркын элесине арналат.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриянын дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Самбо федерациясы жана «Бекболот Рахатбеков» спорттук клубу менен биргеликте уюштурууда.

Мелдештер самбону Кыргызстанга кеңири жайылтуу, машыккан өспүрүмдөрдүн чеберчилигин жогорулатуу, КМШ өлкөлөрүнүн спорт командалары менен достук мамилелерди түзүү максатында өткөрүлөт.