Марал Радиосу

«Ювентус» футболдук клубу Италиянын Кубогун утуп алды

«Ювентус» футболдук клубу «Аталантаны» жеңип, Италия Кубогуна ээ болду. Бул тууралуу news.sportbox.ru басылмасы жазды.

Өлкө Кубогу үчүн болгон беттештин финалдык оюну Режо-Эмилия шаарынын «Мапеи — Читта-дель-Триколоре» стадионунда өтө курч мүнөздө өттү.

«Ювентустан» жарым коргоочу Уэстон Маккени 31-мүнөттө жана дагы бир жарым коргоочу Деян Кулушевски 72-мүнөттө гол жаратса, ал эми «Аталантанын» коргоочусу Ханс Хатебур 41-мүнөттө гол тээп, жалпы эсеп 2:1 эсебинде «Ювентустун» пайдасына аяктады.

Эскерте кетсек, Италиянын мыкты футболдук клубдары рейтингинде «Аталанта» экинчи орунду, «Ювентус» бешинчи орунду ээлейт.