Марал Радиосу

Дашковдун уулу «Кыргыз темир жолунан» 500 млн сомду чыгарып кеткен деп кармалды

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан ири суммадагы акча чыгарылып кеткени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мекемедеги айрым кызмат адамдары 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин «Атом Групп» жана «Генезис Плюс» ЖЧКларына 500 млн сомдон ашык акча которушкан. Бул боюнча документтерде товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн кызмат акы катары көрсөтүлгөн. Бирок «Кыргыз темир жолу» ишканасы айтылган убакта ишканалар менен эч кандай келишим түзбөгөнү тастыкталды.

Учурда келтирилген зыянды тактоо иштери улантылып жатат.

Бул иштин алкагында 18-майда «Кыргыз темир жолу» мекемесинин финансы департаментинин башчысы Бакыт Кулматов, «Атом Групп» компаниясынын жетекчиси Анвар Ахмеджанов, «Генезис Плюс» компаниясынын жетекчиси Гурезали Мирзомудинов, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башчысы Василий Дашковдун уулу Даниил Дашков кармалган.

Белгилей кетсек, 18-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковдун баш коргоо чарасын карады. Анын жыйынтыгында Дашков 18-июлга чейин үй камагына алынды. Биринчи май райондук соту билдиргендей, Дашков Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышка (адамдардын тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) шектелүүдө.