Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп Артем Новиков дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.
Маалым болгондой, фонддун уставынын 8-беренесине ылайык, Азиз Аалиев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. Анын ордуна биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Артем 3 жылдык мөөнөткө Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды.
Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.