Марал Радиосу

Баткендин участкалык милицияларына кызматтык унаа берилди

Лейлек районунун Жаңы-Жер, Максат айылынын участкалык милицияларына жана Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы кызматтык унаа берилди. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 9-май күнү Баткен облусуна жасаган иш сапарында Лейлек районунун Жаңы-Жер, Кулунду айыл аймактарындагы милиция кызматкерлеринин иши менен таанышып, аларды колдоо максатында кызматтык унаа берүүнү убада кылган.

Жаңы-Жер жана Максат айылдык милициясына «Нива» үлгүсүндөгү 2 кызматтык унаа,ал эми Баткен РИИБине «Honda CR-V-2» үлгүсүндөгү кызматтык унаа тапшырылды.

Эске салсак, 30-апрель күнү чек ара чатагында тажик жарандарынын куралдуу кол салууларынын жыйынтыгында тажиктер тарабынан Кулунду айыл аймагындагы Максат айылдык милиция пунктунун имараты толугу менен күйүп кеткен. Ал эми Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү талкаланып, тонолгон.