Марал Радиосу

50 жаштагы багбан Абдулла Ташиевич ЖРТ сынагын тапшырды

Коомчулукта Абдулла Ташиевич деген ат менен белгилүү багбан Канатбек Капаров 19-майда мектеп бүтүрүүчүлөрү менен бирге жалпы республикалык тестирлөөгө катышты. Эгер сынактын жыйынтыгы жакшы болуп калса, Бишкектеги Скрябин атындагы айыл чарба университетине окугусу келет.

— Негизи өткөн жылы ЖРТга кирейин деп жаткам. Пандемия болуп, быйыл тапшырдым. Ачыгын айтканда, сынакка жакшы даярданган жокмун. Башкалар да сунуш кылып, өзүм да жогорку билимимдин жоктугуна өкүнбөйүн деп, карыганда окууну чечтим. Сынакка кирсем, чоң, сакалчан киши келди деп таң калып жатышты. Бирок 30-35 жаштагы балдар да жүрдү, — дейт Канатбек Капаров.

Ал өзү азыр элге жайылтып жүргөн багбанчылык тармагы боюнча окууну пландап жатат. Скрябин университети кабыл алып калса, 4 жыл бою каттап окууга даяр.

— Билим алууга эч качан кеч эмес экен. 70 жаштагы аксакалдын медицина багытында билим алып жүргөнүн уксаңар керек. Мен да айыл чарба багытында окууга өтүп калсам, бул тармакка башкаларды да тартканга аракет кылам. Себеби билимдүү дыйкандар, багбандар чыгышы керек деп ойлойм.

Эске сала кетсек, Абдулла Ташиевич интернет аркылуу жергиликтүү багбандар менен тажрыйба бөлүшүп, аларга кеп-кеңешин берип келет. «Бак даават» аттуу долбоор менен да аймактагы багбандарды кыдырып, окутууларды жүргүзгөн.