Бишкектин борборунда кароосуз калган «Заводской поселок» аймагы бар. Анда шаар тургундары оор шартта жашайт. Жашаган жеринин аты эле борбор болгону менен жылуу суу, газ түтүктөрү жок, авариялык абалдагы үйлөрдө баш калкалап жатышат. Поселекто караштуу 137 үй болсо, анын ичинен 20 гана үйдүн мыйзамдуу турдө алынган кызыл китеби бар. Ал жердин жашоочулары турак-жайын мыйзамдаштырууну көптөн бери талап кылып келгенине карабай, калаа бийлиги алардын айтканын ишке ашырбай келет. Анткени курулуш талаптарына жооп бербейт деген жүйөнү келтирип келет. Аталган жердеги жашоочулар менен кабарчыбыз барып таанышып келди.
Атын атагысы келбеген Бишкектин тургуну «Заводской поселок» көчөсүндө жети жылдан бери жашайт. Ал эне катары балдарынын коопсуздугу үчүн дайыма тынчсызданат. Себеби «Заводской поселок» көчөсүндө жашоо-шарт жокко эсе. Бул жерде убактылуу жашоочулар басымдуулук кылат. Кулайын деген үйлөр, жытына адам чыдагыс ажатканаларды үч-төрт үй чогуу колдонушат. Санитардык нормаларга төп келбейт. Бул жер негизинен Ош базарга жакын болгондуктан, соодага чыгып иштеген жарандар жашашат. Ным жыттанган, чакан батирлердин бир бөлмөсү 2000-2500 сомдон берилет. Бирок бул жерде батирде тургандар мэриядан шарт түзүүнү талап кыла албайт.
«Буга чейин мэрия тараптан такыр каралган эмес, ар ким өзү менен өзү. Кызыл китеп жок болгондуктан , бул жерде убактылуу жашоочулар көп. Бул жерде 30га жакын эле үйдүн гана документи бар. Биз жети жылдан бери турабыз .Эски үйлөр болгондуктан арзан берилет. Айына 2000-2500 сомдон төлөп жашашат. Кышында жылыткыч пайдаланабыз, ошого 3000-4000ге чейин чыгып калчу. Сыз жакшы жылыбайт. Анан суук мезгилде жумуш да солгундагандыктан, төлөгөндө бир топ кыйынчылык жаратат».
Бишкектин так ортосунда жайгашкан бул тар көчө бир караганда Индиядагы жакыр райондорду эске салат. Бул жерди бир канча жылдан бери инвесторлор келип бузулат деген сөздөр айтылып келет. Бирок ал маселе дагы деле чечиле элек. Аталган көчөнүн Сайдулла аттуу бир тургуну үйлөрдү менчиктештирип, кызыл китеп берилбей келгенин айтат. Кызыл китеп жок болгондуктан, балдарга паспорт ала албай же ооруканага барганда каттоого тура албай ушул сыяктуу көйгөйлөр болуп жатат.
«1999-жылдан бери ушул жерде жашап келемин. Бул жердин расмий түрдө статусу жок. Балдар чоңойгондо паспорт ала албай кыйналабыз. Шаардын так ортосундагы аймак бирок көңүл бурулбай келет . Элге кызыл китебин берип койсо, шаардын көркүн чыгарган, азыркы заманга тура келген үйдү салабы же сатып ийеби, өздөрүнүн эрки болмок. «Үйлөр бузулат» деп уктук эле, 22 жылдан бери жашайм, жылда кайталанат. «Көчөбүз, көчөбүз» деп эле жашап атабыз. Бирок көчө албадык эч, болгону «Жерди менчиктеп, кызыл китеп беришсе», — деп кайрылат элек. Жол же башка салып бер дебейбиз, эң негизги көйгөй ошол».
Ал эми « Заводской поселоктун» квартал башчысы Рысбек Жапаровдун айтымында, ички миграция күч алып, айылдан келип, иштеп жашап калышкандардын көпчүлүгү ушул жерде.
«Негизи мыйзам жүзүндө үйлөрдүн аралыгы 50 метрден кийин салууга уруксат берилген. Ал бул жерде сакталбай калган. Анан да Ала-арча суусуна жакын, ал суу алыс аралыктан келгени үчүн көбөйүп, багыты өзгөрөт экен. Суунун чекесинде дамба же суу тосмолору болбосо, үйлөрдү каптап кетиши мүмкүн, жараксыз абалга келиши ыктымал».
Ал эми Бишкек мэриясынын басма сөз кызматты үйлөр архитектуралык, гидрогеологиялык жана санитардык талапка жооп бербегендиктен мыйзам негизинде менчикке бергенге болбойт деп билдиришти.
Белгилей кетсек, «Заводской поселок» аймагында учурда 137 үй бар, 20 гана үйдүн мыйзамдуу түрдө кызыл китеби бар. 1928-жылы Чехословакия мамлекети менен Кыргыз ССРинин биргелешип уюштурулган кооперативинин тери иштетүүчү заводунун жумушчуларына бөлүнүп берилген жер тилкеси болгон. Союз тарагандан кийин тери иштетүүчү завод менчиктештирилип кетип, ал эми заводдун аймагында жашаган элдин үйлөрү ушул убакытка чейин менчиктештирилбей келет.