Биз менен байланышыңыз

Нурлан Абдылдаев: Башкы прокуратура эски катаны кайталап жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 19 мая 2021 | 686 | 0

Башкы прокуратура кодекстерди жаңылоодо оперативдүү кызматта иштегендердин ою менен эсептешсе жакшы болмок. Мындай пикирин ИИМдин ардагери, отставкадагы полковник Нурлан Абдылдаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мекеменин кодекстерди өзгөртүү демилгеси мактоого арзыйт. Бирок ошол эле учурда алар эски катаны кайталап жатышат.

«Мыйзам жазып жатканда, баарын билүүгө мүмкүн эмес, бир адам бир тармакты 80-90% билгенге мүмкүнчүлүгү бар. Прокуратура талкуу иштерине учурда оперативдүү кызматтарда иштеген, же мурда иштеп кеткен эксперттерден кошуп, алардын оюн угуп, мыйзамдардын нормаларынын ичинде оперативдүү кызматтын ордун аныктап алса болот эле. Бул жумушту билбей туруп, «силер муну жасайсыңар» деп калтырып коюп атат. Же болбосо, бул кызматты жоюп туруп, мамлекеттин максаттарына жазбоо керек. Кылмышка бөгөт коюу, эскертүү, алдын алуу деген милдеттерди алып салуу керек. Анда постфактум иштейли деш керек. Анда кылмыш болгондон кийин гана иш жүрөт. Аны жойбой туруп, ыкчам иликтөө кызматкерлерине иштөө мыйзамын «диктовка» кылган болбойт», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM