Марал Радиосу

Баткендеги Кулунду жалпы дарыгерлер борборуна тез жардам унаасы берилди

«Альянс» акча алмаштыруу ассоциациясы Баткен облусуна тез жардам унаасын тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Чек арада жайгашканы эске алынып, унаа Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын жалпы дарыгерлер борборуна берилди. Миллион сомго алынган унаа зарыл болгон бардык каражаттар менен жабдылган.

Эске сала кетсек, 29-апрелде болгон чек ара чатагында жарадарларга жардамга бара жаткан облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам унаасын Тажикстандын аскерлери окко тутуп, өрттөнүп кеткен болчу.