Марал Радиосу

Президенттин басма сөз катчысы болуп Султанбаев дайындалды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 18-майда кол койгон жарлыкка ылайык, Эрбол Султанбаев президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эрбол Султанбаев буга чейин президенттин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.