Марал Радиосу

Кадамжайда көп кабаттуу үйдүн чатырын шамал учурду

17-май күнү саат 19:45 чамасында катуу шамалдын кесепетинен Кадамжай шаарынын Северный көчөсүндө жайгашкан №25 көп кабаттуу турак үйдүн чатырын шамал учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №76 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, чатырдын калдыктарын коопсуз жайга жылдырып беришкен.

Бүгүн, 18-майда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлүп, шамалдын ылдамдыгы ченелет.