Марал Радиосу

Бишкекте жалпы республикалык тестирлөө башталды

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөсү (ЖРТ) өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

ЖРТ эки этапта өтөт:

— 18-19-майда Свердлов районундагы №4, №38, №45, №65, №66, №94 мектептердин базасында жана Октябрь районундагы №17, №26, №37, №63, №64, №88 мектептерде;

— 21-22-майда Ленин районундагы № 9, №13, №31, №68, №72, №84, №93, №96 мектептердин базасында жана Биринчи май районундагы № 6, №27, №28, №29, №24, №69 мектептерде.

Белгилей кетсек, 22-23-июнда ЖРТ кошумча тизме боюнча өтөт.

Мэриядан белгилешкендей, тестирлөө бардык санитардык эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт.