Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолугушту

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Жолушууу 13-17-майга чейин Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында болду. Анын жыйынтыгында тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.