Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылында «Toyota Ist» үлгүсүндөгү унаа Жазы дарыясына түшүп кетип, 2 эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жерине Өзгөн райондук №53 өрт куткаруу бөлүгүнүн 3 куткаруучу жөнөтүлгөн. Бирок алар жеткенче эле жергиликтүү тургундар маркумдардын сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Ал эми унааны куткаруучулар алып чыккан.